Окуу программасы жөнүндө
Программа маалыматтык-коммуникациялык тармактын өсүп жаткан муктаждыктары менен шартталган алдыңкы техникалык адистерди даярдоого багытталган: IT-технопарктарды ачуу, заказдык программалоо рыногунун тез өнүгүшү, мамлекеттик түзүмдөрдү маалыматташтыруу, жеке бизнестин муктаждыктары. Программа программалык камсыздоо өндүрүшүнүн бардык аспектилерин камтыйт: математикалык, методологиялык, экономикалык, укуктук, маркетингдик, башкаруучулук база, программалык камсыздоо өндүрүшүнүн мыкты дүйнөлүк билимдери жана практикалары. Программанын бүтүрүүчүлөрү жалпы илимий жана атайын инженердик билимдерди, практикалык иш тажрыйбасын жана универсалдуу компетенцияларды алышат.










