Окуу программасы жөнүндө
Программа IT тармагында, техникада, экономикада, табигый илимдерде, медицинада математикалык моделдөө, маалыматтык технологиялар жана жасалма интеллект системаларын колдонуу менен ар кандай маселелерди чечүүнүн натыйжалуу ыкмаларына ээ адистерди даярдоого багытталган. Математика жана компьютердик илимдер тармагында заманбап маалыматтык-эсептөө системаларын колдонуу менен фундаменталдык билимдерге ээ болуу программанын бүтүрүүчүлөрүнө долбоордук-технологиялык, илимий-изилдөө, педагогикалык жана башкаруучулук ишмердүүлүк менен ийгиликтүү алектенүүгө мүмкүндүк берет.










